25.02.22                                                            

Өзбекстандын Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын Бируни районунда, шамал электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

26.02.22

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-февраль күнү, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

24.02.22

Өзбекстандын Түркмөнстан менен тышкы соода жүгүртүүсү 2022-жылдын биринчи айында 26,3 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

23.02.22

Ташкент шаарында жаратылыш булактарынан энергияны алуу боюнча, Улуттук илим-изилдөө институтунун курамында суутек энергиясын илимий-изилдөө борбору түзүлгөн. Борбордо  водороддук энергиянын технологияларын сыноо жана сертификациялоо лабораториясы иштеп, бир катар тематикалык илимий изилдөөлөр жасалып  жатат.

22.02.22

Тегеран шаарында Өзбекстан-Иран бизнес-форуму өтүп, ага эки өлкөнүн мамлекеттик жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чарага Өзбекстандын делегациясын вице-премьер-министр, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жетектеди. Иран тараптан экономикалык маселелер боюнча вице-президент Мохсен Резай Миргаед катышты.

17.02.22

Өзбекстандын “Узавтосаноат” компаниясы бир күн мурун Кытайдын “BYD” электромобилдерин өндүрүүчү ири компаниясы менен меморандумга кол койгон. Бул тууралуу, “Узавтосаноат” компаниясынын башкармалыгынын төрагасынын экономика боюнча орун басары Азизбек Шүкүров билдирди.

17.02.22

Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин өкүлдөрү, Пакистандын Соода министринин биринчи орун басары Мухаммад Салех Фаруки башында турган делегация менен жолугушуу өткөрүштү.

07.02.22

Өзбекстандын Олий Мажлис (парламент) Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева 7-февралда, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын (парламент) Гендердик теңчилик боюнча комиссиясынын төрайымы Фатма Аксал баштаган Түркиялык делегациясы менен жолугушту.

08.02.22

“Фольксваген Групп Рус” компаниясынын башкы директору Стефан Меча баштаган делегация, Өзбекстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

01.02.22

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 31-январь күнү, Ташкент шаарында ишке ашырыла турган долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу, мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.