14.02.22

Ашхабадда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 12-февраль күнү, Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Роман Скляр менен жолугушту. Жолугушууда тараптар соода-экономика тармагындагы кызматташуунун келечеги боюнча пикир алмашып, 2021-жылы эки өлкөнүн соодасы эки эсеге көбөйгөнүн белгилешти.

12.02.22

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Шахым Абдрахманов, өлкөдө 2021-жылдын аягына чейин эгемендүүлүк жылдарында эң жогорку көрсөткүчү болгон 83 млрд, 772,9 миллион кубометр  өлчөмүндө жаратылыш газы өндүрүлгөндүгүн билдирди.

04.02.22

Татарстан Республикасынын Казань шаарында “Түркмөн соода үйү” иштеп баштаганын, Түркмөнстандын Казань шаарындагы башкы консулдугу бейшемби күнү билдирди.

29.01.22

2022-жылдын 30-январь жана 4-февраль  күндөрү аралыгында, Түркмөнстандын Тышкы иштер министринин орун басары биргелешкен энергетикалык долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Пакистандын борбору Исламабадга иш сапары менен барат.

31.02.22

Түркмөнстан жана Азербайжан ортосунда 2022-жылдан тарта “Баку-Түркмөнбашы-Баку” багытында, Каспий деңизи аркылуу жаңы каттамы ачылат. Деңиз коридору “Кытай-Европа” багыты боюнча транспорттук байланышты арттыруу долбоорунун алкагында иштейт.

28.01.22

Түркмөнстан жана Азербайжан жакынкы келечекте, Каспий деңизиндеги “Достлуг” мунай кенинин көмүр суутек ресурстарын биргелешип чалгындоо жана иштетүү боюнча өкмөттөр аралык меморандумдун алкагында биргелешкен Азербайжан-Түркмөнстан эксперттик тобунун кезектеги жыйынын өткөрүүнү макулдашты.

28.01.22

Түркмөнстандын “Ulag-logistika merkezi” (TULM) компаниясы, Түркиянын Афганистанга бере турган 750 тонна гуманитардык жардамын жөнөтүүгө жардам берет. Бейшемби күнү Түркиянын борбору Анкарадан 750 тонна гуманитардык жүк салынган 47 вагондук атайын поезд Афганистанга  жөнөп кетти.

01.18.22

Түркмөнстандын эл аралык транзиттик тариф жана темир жолдору ортосундагы кызматташтык уюмунун бирдиктүү транзиттик тарифи боюнча келишимдерге кошулуусу боюнча жүрүп жаткан иштер 14-январда өлкөнүн өкмөтүнүн жыйынында айтылды.

01.26.22

Түркмөнстан “Түркмөнстан-Кытай төртүнчү” газ куурун куруу аркылуу, Кытайга жаратылыш газын экспортунун көлөмүн көбөйтүү маселелерин олуттуу талкуулоого даяр. Бул тууралуу, президент Гурбангулы Бердымухамедов шейшемби күнү, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган онлайн саммитте билдирди.

01.20.22

Түркиянын Түркмөнстандагы элчиси Тоган Орал Ашхабадда жергиликтүү жана чет элдик журналисттер менен жолугушту.