- Подробности
12.02.20
Түркмөнстанда 2020 - жылдын январь айында мунай өндүрүү 318,2 миң тоннаны, газ болсо 376 миллион кубометрди түзгөн. Мындай көрсөткүч, өткөн жылга салыштырганда алда канча жогору. Бул тууралуу, "Түркмөнстандын мунайы жана газы" аттуу интернет-газетасы жазып чыкты.
- Подробности
06.02.20
Ашгабад шаарында, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуу учурунда, Россиялык “Лукойл” мунай компаниясынын башчысы Вагит Аликперов: “Ири мунай запастары бар Түркмөнстанда “Лукойл” компаниясынын стратегиялык кызыкчылыктары бар", - деп билдирди.
- Подробности
02.02.20
Түркмөнстандын Марий велаятында (өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан облусу) Түркмөнстан – Афганистан – Пакистан (ТАП) электр өткөрүү линиясынын курулушун баштоо аземи болуп өттү.
- Подробности
01.02.20
Түркмөнстандын «Türkmengaz» мамлекеттик концерни Малайзиялык «Serba Dinamik Sdn.Bhd» компаниясынан газ куурунун курулушу үчүн ар түрдүү керектүү шаймандарды сатып алмакчы.
- Подробности
24.01.20
24-январь күнү Ашгабад шаарында, Түркмөнстан-Афганистан-Пакистан электр чубалгысын куруу боюнча келишимге кол коюу иш чарасы болуп өттү. Келишим Түркмөнстандын Энергетика минстирлиги жана Түркиялык “TAPP-500 Power Transmission Line FZE” (Түркиялык “Çalyk Holding A.Ş” компаниясына караштуу) компаниясынын ортосунда түзүлдү.
- Подробности
20.01.20
Түркмөнстандын өкмөтү берген маалыматта, 2019-жылдын акыркы жумаларында нефти жана пахтаны чет өлкөлөргө сатуу көрсөткүчү жогорулаган.
- Подробности
27.12.19
Түркмөнстандын Каржы жана экономика министрлиги, кошуна өлкөлөр менен сооданын жүгүртүүнүн көлөмү, акыркы үч жылда көбөйгөндүгүн билдирди.
- Подробности
25.12.19
2019-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча, Түркмөнстан жана Өзбекстан ортосундагы товар жүгүртүү 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 90% пайызга көбөйүп, $457,8 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети тышкы соода боюнча берген отчётунда маалымдайт.
- Подробности
21.12.19
Түркмөнстандын Лебап велаятынын түштүгүндө жайгашкан “Таджибай” газ кенинде, жакында эле көгүлтүр отту өндүрүү иштери башталды.
- Подробности
15.12.19
Түркмөнстанда жакынкы учурда, IP-тюнерлери орнотулган жаңы үлгүдөгү телевизорлорду чыгарып башташат. Бул тууралуу, Түркмөнстандын өкмөт өкүлдөрүнүн жыйналышы учурунда маалым болду.