10.02.21

Кыргызстанга февраль айынын соңунда, Улуу Британиянын “AstraZeneca” вакцинасынын 504 миң дозасы келет. Бул тууралуу, “Биринчи радионун” эфиринде Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

06.02.21

Кыргызстанга Түркиядан беш мобилдик клиника алып келинет. Бул тууралуу, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

06.02.21

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 4-6-февраль күндөрү, Түркияда иш сапары менен болуп кайтты. Бул тууралуу, министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

29.01.21

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев, Борбордук Азиядагы Түркияга тиешелүү “Маариф” фондунун директору Хүснү Биржан мырза менен жолугушту. Бул тууралуу, аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

25.01.21

Кыргызстандын өкмөтү темир жол линияларын электрлештирип, Казакстанга кеткен тепловоздорду электровоз поезди менен алмаштырууну пландап жатат. Бул тууралуу, Кыргызстандын өкмөтүнүн “2021-2025-жылдар аралыгында, Кыргызстанда темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө”  токтом долбоорунда жазылган.

25.01.21

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары Сагынбек Ибраев 25-январь күнү, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту.

18.01.21

Түркиянын Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Стамбул шаарында штаб-квартирасы жайгашкан Дүйнөлүк Ахыска түрктөрүнүн биримдиги  (ДАТҮБ) менен биргеликте, Кыргызстанда жашаган Ахыска түрктөрүнө коронавирус илдетине каршы медициналык гуманитардык жардам  жөнөттү.

15.01.21

Бишкек шаарынын мээринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Худуш уулу Гидаят  Оруджев менен жолугушту. Бул тууралуу, мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

12.01.21

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу, Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан кабарлашты.

04.01.21

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 2020-жылдын 30-декабрь күнү, Түркиянын президентинин аппаратынын алдындагы, Адам ресурстары боюнча бөлүмүнүн башчысы доцент, доктор Салим Атай мырза менен жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.