- Подробности
28.07.20
Ирандын, Афганстан, Тажикстан, Кыргызстан мамлекеттеринин ортосунда, социалдык-экономикалык байланыштарды жакшыртуу максатында транзиттик коридор ачылып, пайдаланууга берилди.
- Подробности
25.07.20
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 25-июль күнү, Бишкек шаарында 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун пайдубалын түптөө иш-чарасынын ачылышында: «Жылуу мезгилде стационарлардын иши жакшы жүрүүдө, эл келип тиешелүү дарылануусун алып жатышат. Стационарларга кайрылган бейтаптардын саны азайып баштаганы бизди кубандырат. Азыр пандемиянын экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү айтылууда. Андыктан, биз күзгө жана кышка даяр болушубуз керек. Бул багыттагы тиешелүү иштер жүрүп жатат», — деп белгилеп өттү.
- Подробности
21.07.20
Түркия тарабынан Кыргызстанга белекке берилген жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги координаторлугунун басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
15.07.20
Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов 14-июль күнү өткөн брифингде, Өзбекстандан Кыргызстанга «Гепарин» дарысынын 30 миң даана кутусу алынып келе тургандыгын билдирди.
- Подробности
15.07.20
Түркия Кыргызстанга коронавирус (Covid-19) илдети менен күрөшүү үчүн кезектеги гуманитардык жардамын жиберди. Бул тууралуу, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкектеги координаторлугунун басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
15.07.20
Кыргызстанда оор эпидемиологиялык кырдаал кескин курчуп коронавирусту жуктуруп алгандардын санынын кескин көбөйүшү жана медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Анкарада жеке клиникада иштеген мекендешибиз доктор Эркин Исмаил менен бирге, Кыргызстандын ооруканаларында иштөө үчүн Түркияда ординатураны өтүп иштеп жаткан 18 кыргызстандыктардан турган медициналык кызматкерлердин тобун түздү.
- Подробности
13.07.20
Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, шаардын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен ар бир райондо бейтаптарды дарылоочу түнкү стационарларды ачууну пландап жатышат.
- Подробности
10.07.20
Кыргызстан Россиядан коронавирус илдетине каршы “авифавир” дарысын алып келүүнү пландап жаткандыгын Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.
- Подробности
08.07.20
Түркия Кыргызстанга коронавирустук инфекцияга каршы күрөштө жардам берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
06.07.20
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен Катар мамлекетинин Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Абдулла бин Ахмед Ас-Сулаити жолугушту. Көрүшмө 6-июль күнү болуп өттү.