22.01.19.

2018-жылы Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 39,9 пайызга өсүү менен 2 млрд. 171,8 млн. долларды түздү деп билдирди Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети.

25.01.19.

Казахстан Туризм жана спорт минстирлигине караштуу «Турист Камкор» фондунун берген маалыматы боюнча, 2018-жылы 343 миң казахстандык жарандар  эс алууларын чет өлкөлөрдө өткөрүшкөн.

29.01.19.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2018-жылы $ 481 млн түзгөн.  Бул тууралуу бүгүн, 29-март, күнү  болуп өткөн жыйында Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов билдирди.

21-27-январда Душанбе шаарында Өзбекстан жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн өзбек-тажик чек арасынын демаркациясы боюнча укуктук маселелеринин келишимин макулдашуу үчүн кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Европа Биримдиги Өзбекстанга Дүйнөлүк Соода Уюмуна кирүү үчүн жардам ирээтинде 5 млн. евро бөлүп берди.

 25.01.19.

2018-жылы Өзбекстандын жалпы (алтын жана валюталык резерви) резерви 995,5 млн. долларга азайып, 27 млдр. 81.4. млн. долларды түзгөн.

24.01.19.

Казакстан өткөн жылы май 72,5 миллион тонна мунай затын экспортко чыгарган.

Тажикстандын электр энергиясын экспорттоо көлөмү өткөн жылы болжол менен $ 77 млн.долларды түзгөн.

23.01.19.

Түркия тарап Кыргызстандын 7 облусунда пилоттук кайра иштетүү ишканаларын курууга  даяр экендигин билдирди.

23.01.19.

Кыргызстанда инвестицияны  кеңейтүү жана коргоо агентигинин президенти Адильбек уулу Шумкарбек басма сөз кызматына берген маегинде: “Бизге жаңы технология жана инновация алып келе турган, экспорт үчүн жаңы рынок таба турган компаниялар керек” – деп билдирди.