8.01.19.

Түркмөнстанда улуттук суу ташуучулары  тууралуу жобо даярдалып жатат.

18.01.19

18-январда “Динамикалуу Гуджарат” атту эл аралык саммиттин алкагында Гандинагаре шаарында Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеёв Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

18.01.19.

Казахстандын Улуттук айыл чарба  «Продкорпорация» аттуу компаниясы, 2018-жылы, 427 миң тонна дан өсүмдүктөрүн  экспортогон.

18.01.19.

Ош шаарынын мэриясында кечээ биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев КРнын Түркиядагы элчиси Мустафа Курт төрагалык кылган ири түрк компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.

2018-жылы Кыргызстан Россиядан- 411 миң тонна, Казакстандан-73 миң тонна мунай затын импорттогон. 

14.01.19

14-январда Берлинде өткөн немец-өзбек бизнес форумунда жалпысынан 4 миллиард евродон ашык суммада ондон ашык инвестициялык келишимге кол коюлду.

16.01.19.

2018-жылы Өзбекстанда 364 компания курган Түркия чет элдик инвестиция көп салган өлкө катары Россиядан кийин экинчи орунду ээледи.

Түркменистандын Тышкы иштер минстри Рашид Мередов, 2019-жылдын 15 январында Самарканд шаарында болуп өткөн “Орто Азия жана Индия” аттуу жыйында, Өзбекстан  Тышкы иштер минстри Абдулазиз Камилов менен көрүштү.

10.01.2019

Тажикстанда бул жылы айыл-чарба, балык жана аң улоону өнүктүрүү үчүн мамлекеттик казынадан 915,4 млн. сомониден ашуун (97 млн. доллар) акча каражатын бөлүү пландалып жатат.

Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-13 январда Самаркандда тышкы иштер министрлеринин  "Индия - Борбор Азия" диалогу аттуу алгачкы жыйынына, Ооганстан Тышкы иштер министри Салахуддин Раббанинин катышуусу  күтүлүүдө.