20.12.18

2018-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары, үчүнчү окууда,  Кыргызстан жана Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишимди ратификациялоого макулдугун беришти.

14.12.18.

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда 32 өнөр-жай ишканалары өндүрүшүн кайрадан жандантты. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

19.12.18.

Ош шаарында 19-декабрда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөт башчыларынын жолугушуусу болуп өттү. Өкмөт башчылары  чек ара аймактарынын башчыларынын кеңеши экинчи жыйынына да катышышты.

Түркиянын Кастамону шаарында, ТҮРКСОЙдун маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин кезектеги 36-жыйналышынын жабылыш отурумунда, Кыргызстандын Ош шаары “2019 Түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары” деп белгиленди.

12.17.18.

Өзбекстандык ишчилер Россиядан акча которуулар боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи орунду ээлейт. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын маалыматында билдирилди.

13.12.18

Дүйнөдөгү алдынкы пахта өндүрүүчү жана экспорттоочунун бири болгон Өзбекстанда пахта өндүрүшү бул жылы 21,5 пайызга төмөндөгөн.

14.12.18

Бишкек

Экономика министрлигинин билдирүүсүнө караганда Кыргызстанда ишкерлер үчүн бизнес борбору курулуп жатат.

Акыркы 11 айда Өзбекстан жана Казахстандын Түркстан облусунун ортосундагы соода жүгүртүү $ 447 млн. долларды түзүп, бир жыл мурдагыга салыштырганда 27,7% пайызга  көбөйдү. Бул тууралуу облустар боюнча  мамлекеттик кирешелер департаментинин башчысы Элдос Саудабаев басма сөз жыйынында билдирди.

13.12.18

 Акмола облусунда, Казахстандын үй канаттулар этинин импортун 30 пайызга азайта турган Макинск канаттуулар фабрикасы ишке кирди.

Франциянын өнүктүрүү агенттиги Өзбекстандагы реформаларды колдоо максатында 150 млн. евро насыя бөлүп берди.