26.11.18.

Centerra Gold Inc. ("Центерра") жана "Кумтөр" компаниясы 2018-жылдын үчүнчү чейрегиндеги ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул жөнүндө компаниянын коомчулук менен байланышуу  бөлүмү билдирди.

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду (РК ӨФ) 2018-жылы региондордо айыл-чарба азыктарын жана мал-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн каржылоосун 14-15 пайызга арттырды. Бул жөнүндө фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 23-ноябрында, Таджикистан Республикасынын өкмөтү жана Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) $ 35 млн. доллар өлчөмүндө, аталган өлкөгө гранттык жардам берүү боюнча келишимге кол коюшту.

Кыргызстанда алтынга болгон жылдык муктаждык 5 тоннаны түзөт. Бул тууралуу өткөн басма сөз жыйынында Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубан Айдаралиев билдирди.

 23.11.18

 Ташкентте Борбордук Азиядагы дары-дармектерди изилдөөчү борбор ачылды.

22-ноябрь

Ашхабад

Түркмөнстандын борбору Ашхабадда 22-ноябрь күнү түркмөн-азербайжан жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуудан кийин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев эки тараптуу макулдашууга  кол коюшту. Докуметтер жыйырмадан ашык кызматташтык боюнча келишим жана меморандумдарды камтыйт.

22- ноябрда Лебап велаятындагы Чарджев этрапында 432-мегаватт кубаттуулукта иштей турган, газ турбиналуу электр станциясынын пайдубалын куруу аземи болуп өттү.

22.11.2018

Душанбе

Германия өкмөтү Тажикистанга саламаттыкты сактоо, каржы, энергетика, адистик билим берүү жана инновация тармактарын өнүктүрүү үчүн 27 млн. евро бөлүп берет.

21.11.18.

Измир

20-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин делегациясы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата Түркия Республикасынын Измир шаарында уюштурулган "ТүркПАнын алгачкы он жылы жана парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги: кызматташтыкка карай жаӊы кадамдар" аталышындагы конференцияга катышты.