05.10.21

Ташкенттеги саммиттин жыйынтыгы менен Түркмөнстан жана Өзбекстандын ортосунда соода, транспорт, транзиттик товар ташуу, сууну үнөмдөөчү технологиялар, ошондой эле социалдык коргоо, статистика, карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо, илим жана маданият тармактарына тиешелүү 23 документке кол коюлду. Бул тууралуу, Өзбекстандын президенитинин басма сөз кызматы билдирди.

01.10.21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев  Казакстан жана Орусиянын аймактар ​​аралык кызматташтыгынын XVII форумуна катышты.

05.10.21

Өзбекстан Түркмөнстанда автоунаа жана электротехникалык буюмдарын өндүрүүнү ниеттенүүдө. Бул тууралуу, Ташкент шаарында өткөн “Өзбек-түркмөн” форумунда Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков билдирди.

02.10.21

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов эл менен болгон отчеттук жолугушуусунда, Казакстан жайкы сезонго карата Түркияга аба каттамдарынын саны көбөйө тургандыгын билдирди. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес маалымат борбору жазып чыкты.

04.10.21

Акыркы бир нече жылда, Өзбекстан жана Түркмөнстандын ортосундагы товар жүгүртүү үч эсеге өстү. Бул тууралуу, Өзбекстандын вице-премьер-министри Сардор Умурзаков “Өзбек-түркмөн” экономикалык форумунун жүрүшүндө билдирди.  Бул тууралуу “Sputnik”  маалымат агенттиги жазып чыкты.

01.10.21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “KAZ Minerals Aktogay” тоо-кен иштетүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Ошондой эле комплекстин аймагында жаңы курулушу аяктаган, кенди кайра иштетүүчү экинчи ири фабриканы ишке берүү аземине катышты. Жаңы фабриканын ишке берилиши “KAZ Minerals Aktogay” тоо-кен иштетүү комплексин  дүйнөдөгү эң ири жез өндүргөн кендердин бири болууга мүмкүндүк бермекчи. Бул тууралуу, “Акордо” басма сөз кызматы билдирди.

30.09.21

Түркиялык “Coca-Cola İçecek” (CCI) компаниясы Өзбекстанга таандык “Coca-Cola Bottlers Uzbekistan” (CCBU) компаниясынын акцияларынын 57,1% пайызын сатып алды. Акцияларды сатуудан мамлекеттин казынасына 252,2 миллион доллар акча каражаты келип түшкөн. Бул тууралуу, Өзбекстандын Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

 29.09.21

Россиялык дизелдик жүк ташуучу “Камаз” унааларын өндүргөн компаниясы 2022-жылы, Түркмөнстанда автоунаалары үчүн жабдыктарын  өндүрүүнү пландоодо.

28.09.21

Кыргызстанда катуу пластикалык таңгактарды чыгаруучу заводду пайдаланууга берилди. Заовддун курулушун “Россия-Кыргызстан” өнүгүү фонду (РКӨФ) тарабынан  каржыланды. Катуу пластикалык таңгактарды чыгаруучу мындай ишкана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү аналогу жок завод болуп эсептелет.

28.09.21

Өзбекстандын Фергана облусунда жайгашкан  “Central Asia Motors CO” ишканасынын базасында, электромобилдерди чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Негизинен буга  чейин, Өзбекстандын 2022-2024-жылдарга карата инвестициялык программасы боюнча президенттин жарлыгынын долбоорунда дагы  камтылган болучу.