- Подробности
26.11.22
Өзбекстандын Навои облусунун Зарафшан шаарында 25-ноябрда кубаттуулугу жылына 12 миллион чарчы метр айнек чыгарган “Зарафшон ойна” жаңы айнек заводу ачылды. Жаңы ишкананы ишке киргизүү салтанаттуу аземине, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
26.11.22
Транскаспий эл аралык Чыгыш-Батыш коридору (Орто коридор) аркылуу өткөн жүктөрдүн көлөмү быйыл былтыркыга караганда алты эсеге көбөйөт. Бул тууралуу, “Anadolu” агенттиги Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу тышкы иштер жана транспорт министрлеринин үч тараптуу жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүнө таянуу менен жазып чыкты. Көрүшмө жума күнү Казакстандын Актау шаарында болуп өттү.
- Подробности
23.11.22
Бишкектен анча алыс эмес жерде Орто Азиядагы эң чоң эс алуу жайларынын (курорт) бири курулат. Бул тууралуу 23-ноябрда маалымат жыйынында, Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти Елена Калашникова билдирди.
- Подробности
23.11.22
Кыргызстан жана Казакстан туристтердин өтүшү үчүн жашыл коридор ачууну пландоодо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында, Кыргызстандагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун инвестиция жана эл аралык байланыштар боюнча аткаруучу директору Кайрат Итибаев билдирди.
- Подробности
23.11.22
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун колдоорун билдирип, долбоордун ишке ашырылышы байыркы Жибек жолунун кайра жанданышына салым кошоорун белгиледи.
- Подробности
22.11.22
Казакстан 2023-жылы “Баку-Тбилиси-Жейхан” мунай кууру аркылуу Түркияга 1,5 миллион тонна мунай жөнөтүүнү пландоодо.
- Подробности
19.11.22
Түндүк Казакстан облусуна караштуу, Аккайын районунда жылына 5 миң тонна тоок этин өндүрө турган канаттуулар фабрикасы ачылды. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.
- Подробности
18.11.22
Түркиялык адистер Кыргызстанда “Organic” эл аралык стандартындагы органикалык продукцияларды сертификациялоо боюнча орган ачууга көмөктөшөт. Бул тууралуу, “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында, Айыл чарба органикалык департаментинин директору Сагынбек Турсуналиев билдирди.
- Подробности
19.11.22
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жума күнү Ашхабадда Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын (парламент) төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту. Бул тууралуу Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты.
- Подробности
17.11.22
Казакстандын Караганды облусунда “Күчтүү аймактар өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы” улуттук долбоорунун алкагында “Достык-Мойынты” темир жол тилкесинин экинчи жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу “primeminister.kz.” маалымат кызматы билдирди.