19.02.24

Түркия Азербайжан менен соода жүгүртүүнү 15 миллиард долларга жеткирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Бул тууралуу, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

20.02.24

“Азербайжан-Кыргызстан” өнүктүрүү фонду, азербайжандык жана кыргызстандык ишкерлердин агроөнөр жай комплекси, энергетика, багбанчылык, туризм, жеңил өнөр жай жана башка тармактардагы артыкчылыктуу долбоорлорун каржылайт. Бул тууралуу, Азербайжандын Экономика министрлиги билдирди.

19.02.24

Казакстан өзбекстандандык жүк ташуучулар үчүн транзиттик жеңилдетүүнү берүүну пландоодо. Бул тууралуу, Казакстандын Вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Өзбекстандын Тышкы иштер министри Бахтиер Саидов менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

20.02.24

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 19-февралда, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин 2023-жылга карата ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту.

15.02.24

“Акорда” маалымат кызматы тараткан маалыматка ылайык,  президент Касым-Жомарт Токаев Катардын “Nebras Power” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Мохаммед Нассер Аль-Хажрини кабыл алды.

18.02.24

Кыргызстандын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-декабрь айларында 15,7 миллард долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетти өзүнүн сайтында жарыялады.

14.02.24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө 2024-жылга пландаштырылган негизги стратегиялык реформалардын планы менен таанышты. Жакынкы убакта өлкөнүн ички дүң продукциясын (ИДП)160 миллиард долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматы билдирди.

15.02.24

Венгрия жана Түркия газ экспорту боюнча жаңы келишимге жетишти. Анын негизинде, Түркия Венгрияга  275 миллион кубо метр жаратылыш газын экспорттойт. Келишим 2024-жылдын экинчи кварталында ишке ашырылып баштайт.

14.02.24

“Кыргызcтан-Түркия” өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынынын алкагында, эки өлкөнүн ортосундагы “Эл аралык автожол каттамы жөнүндө” келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду. Бул тууралуу, Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

13.02.24

“Kazinform” эл аралык маалымат агенттиги кабарлагандай, Казакстандын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги заманбап күн панелдерин өндүрүүнү жөнгө салуу боюнча пландарын билдирди.