11.04.24

Өзбекстандын Сурхандарья облусунун делегациясы 2024-жылдын 7-9-апрелинде Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында 124 миллион долларлык келишимдерге кол коюшкан. Өзбекстандан келген делегация Венгриянын борбору Будапештте бир катар иш-чараларды, жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

16.04.24

Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан “Камбар-Ата 1-ГЭС” гидроэлектростанциясын куруу боюнча келишим түзгөнү жатышат. Аталган  гидроэлектростанция Кыргызстандагы Нарын дарыясында курулат.

09.04.24

Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Бишкекке Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуу үчүн келди.

14.04.24

Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Бахтиер Саидов 14-апрелде Ташкентте “Борбор Азия – Перс булуңунун кызматташтык кеңешинин” Стратегиялык диалогуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

12.04.24

Азербайжан 2023-жылы Түркиянын экономикасына 1 миллиард 815,1 миллион доллар инвестиция салган.

14.04.24

Кыргызстан жана Азербайжан стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкты. Бул тууралуу 11-апрелде "Биринчи радионун" эфиринде Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев билдирди. Ал Кыргызстан жана Азербайжандын аймагы аркылуу өткөн соода маршруттарынын алкагында, Азия жана Европа ортосундагы транспорттук каттамдарды жөнгө салуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

04.05.24

Кыргызстан Азербайжандын мунай эмес продукциясын импорттоочу алдынкы бештике  кирди. Бул тууралуу, Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

02.04.24

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушуна болжол менен 8 миллиард доллар керектелет. Бул тууралуу, «Kaktus.Media» маалымат кызматы, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө шилтеме берүү менен билдирди.

03.04.24

27-28-мартта Ашхабадда өткөн “Түркмөнстанда туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү” аттуу эл аралык конференциянын алкагында, Түркмөнстан жана Кыргызстандын туристтик компаниялары 8 кызматташтык келишимине кол коюшту.

02.04.04

Өзбекстандын Транспорт министринин орун басары Илхомжон Абдугафаров Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Бекжан Рисмендеев менен 2-апрелде жолугушту.