22- ноябрда Лебап велаятындагы Чарджев этрапында 432-мегаватт кубаттуулукта иштей турган, газ турбиналуу электр станциясынын пайдубалын куруу аземи болуп өттү.

Азиялык өнүгүү банкынын директорлор кеңеши, Түркмөнстанга транспорт тармагын колдоо жана өлкөнүн Казахстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан менен электр энергиясы соодасын жакшыртуу максатында 500 млн. доллар өлчөмүндө насыя бере тургандыгын ырастады.

03 ноябрь 2018

            Түркмөн мамлекеттик маалымат агенттигинин билдиргени боюнча, 2-ноябрдагы жыйында, өкмөт башчысынын орун басары Мамметхан Чакыев  Түркмөнстан өкүлдөрүнүн Азербайжанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча отчет берди.

Түркмөнстан делегациясы Брюсселге иш сапары менен барып бир катар жолугушууларды өткөрдү.

“Газпром” башкармалыгынын төрагасы Алексей Милер жана  Россиянын вице премьер министри, өкмөт аппаратынын жетекчиси Константин Чуйченко баштаган орус делегациясынын Ашхабатка болгон расмий иш сапарынын алкагында, 9-октябрь күнү Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолукту деп билдирет түркмөн лидеринин басма сөз кызматы.

02.10.2018

Түркмөнстандын президенти Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия (ТАПИ) жаратылыш газ куурунун курулушуна АКШ компанияларын катышууга сунуш кылды.

Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей,  Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун катышуусу менен 17-сентябрда Балкан облусуна караштуу Карабогаз шаарында карбамид өндүрүүчү комплекстин ачылыш аземине катышты.

Түркменистан дүйнөдөгү пахта өндүрүү боюнча 10 ири өлкөнүн катарына кирет.

Душанбе шаарында Эл аралык жыйында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов Борбордук Азиядагы суу ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча БУУнун алдында адистештирилген агенттик түзүүнү сунуштады.

Ооганстандын аймагында дагы да Түркмөнстандын электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүүчү жаңы электр өткөргүч линияларын куруу иштери  бүтүү алдында турат.  Бул тууралуу президент Гурбангулы Бердимухамедовдун катышуусу менен өткөрүлгөн өкмөттүн жыйналышында талкууланды.