CA-NEWS (UZ)- 2018- жылдын 1-январынан Өзбекстандын  туруктуу жашаган калкынын саны 32.65 млн адамды түздү жана 2017-жыл ичинде 533,4 миң адамга же болбосо 1,7% ке көбөйгөн. Бул жөнүндө мамлекеттик статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

CA-NEWS (TM) – Тышкы иштер министрлиги делегациясы 15-16-январда Исламабадка иш сапары менен барышат, ал жакта Түркмөн-Пакистан тышкы саясаты боюнча консультация өткөрүлөт деп билдирди өлкөнүн мамлекеттик маалымат билдирүү агенттиги.

CA-NEWS (KZ) – Өзөктүк куралдардын жасалбашы январь айында Коопсуздук кеңеши талкууга ала турган эң маанилүү көйгөй болоору маалымдалды. Бул тууралуу, Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб квартирасында, январда өткөн пресс конференцияда БУУдагы Казакстандын туруктуу өкүлү, Коопсуздук кенешинин төрагасы Кайрат Умаров, уюмдун маалымат борборуна билдирди.

CA-NEWS (UZ) -  2017-жылдын 30-декабрь жана 1996-жылы 4-сентябрында макулдашылган Өзбекстан Республикасынын өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү ортосундагы Эл аралык автоунаа байланыш жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол күчүнө кирди.

Тажикстанга келген жалпы чет элдик салымдардын 50% га жакыны (47,3%) Кытайга таандык. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Тажикстан боюнча жасаган экономикалык докладында "Туруктуу экономикалык өсүшкө карабай жогорулаган алсыздык"-деп белгиленет.

CA-NEWS (UZ)-Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитети институту “Tourism brand Ambassador of  Uzbekistan” ( Өзбекстандын чет мамлекеттердеги туризм элчиси) ишке киргизүү маселеси боюнча иш алып барып жатат.

CA-NEWS (TJ) –  Британия  Backpacker коому (British Backpacker Society) тарабынан түзүлгөн тизмеде Кыргызстан бешинчи орунду ээлөө менен туризм үчүн эң мыкты беш өлкөнүн катарына кирди.

CA-NEWS (KZ) – Дүйнөдөгү 153 өлкө арасында Тажикстан Америкалык Forbes журналы тарабындан даярдалган бизнес жүргүүзүү үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөр арасында 108 орунда.

CA-NEWS (TJ) - Келерки жылы Рогун ГЭСинин курулушу үчүн  бардык булактардын каржылык көлөмүн  34 млн долларга өстүрүү пландалууда. Үстүбүздөгү жылы бул объекттин курулушуна 533 млн доллар багытталган  эле.

Өзбекстанда Кыргыздын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу кечээ, 13-декабрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен өзбек президенти Шавкат Мирзийоевдин жолугушуусунда айтылды.