26.05.20

Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 10,82 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу, Өзбек Телеграф Агенттиги (ӨзТАГ) жазып чыкты.

25.05.20

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министри Рашид Мередов 25-май күнү, аралыктан онлайн жолугушуу өткөрүштү.

26.05.20

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Тажикстанга кезектеги гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул ирет салмагы 24 тонна  болгон антибиотик дары-дармектеринен турган жардам, Тажикстандын борбору Душанбе шаарына жеткирилди.

21.05.20

Кыргызстандык «UBS транзит» жана Түркиянын “Arkas Logistic” компаниясы, Түркиядан Кыргызстанга темир жолу жана деңиз аркылуу товар жеткирүүнүн жаңы мультимодалдык каттамын (бир канча унаа колдонулган маршрутту мультимодалдык деп аташат) ишке киргизди. 20-май күнү, Ош шаарына жаңы каттам менен 40 контейнердик биринчи товар жеткирилген. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

20.05.20

Өзбекстанда кубаттуулугу 100 МВт болгон, алгачкы шамал электр станциясын куруу боюнча тендерге, дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн  70 компания  катышууга арыз берген. Бул тууралуу, Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Шамалдан энергия алуучу электр станциясы, Өзбекстандын карамагындагы  Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын  Караузяк районуна курулмакчы.

20.05.20

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 8-май күнү, министрлер кабинетинин отурумунда өлкөнүн тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү негизги маселе экендигин  билдирген. Мамлекет башчысы, өлкөдө өндүрүлүп жаткан продукциянын экспорттук көлөмүн көбөйтүү боюнча аракеттерди күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

20.05.20

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги 2020-жылдын 20-май күнү тараткан  маалыматта, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) Бишкек шаарында жайгашкан өкүлчүлүгү тарабынан, жаңы бала бакча курулуп бүткөрүлгөндүгү маалым болду.

20.05.20

20-май күнү Ош шаарында, Өзбекстандан Кыргызстанга жиберилген гуманитардык жардамдын экинчи партиясын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

20.05.20

Тажикстан Өзбекстандын Сардоба суу сактагычынын жарылуусунан жапа чеккен аймактарына  гуманитардык жардам көрсөттү.

18.05.20

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугу Рамазан айында, коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында дагы 7.000 үй-бүлөгө азык-түлүк жана медициналык каражаттар түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу, ведомствосунун расмий сайтында маалымдалат.