11.12.23

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарынын акими Жеңиш Касымбекти кабыл алды. Көрүшмө учурунда, өлкө башчысына Астана шаарынын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө байланышкан маалыматтар берилди.

12.12.23

Казакстандын Жамбыл облусунун акими Эрбол Карашукеев жана Түркиялык “Atlantis” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Грюсель Арал жолугушту. Көрүшмө учурунда, облустун аймагында суу ресурстарын үнөмдөөнү пайдалануу боюнча, долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Бул тууралуу, Жамбыл облсусунун акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

 12.12.23

Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө болгон Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана байкоочу өлкө Венгриянын бажы мекемелеринин жетекчилери, Ташкент шаарында 9-отурумун өткөрүштү.

13.12.23

Түрк дүйнөсүнүн 3 көз карандысыз мамлекети; Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстандын ортосунда транспорт тармагында кызматташуу долбоору ишке ашырылат. Казакстандын “Актау” жана Түркмөнстандын “Түркмөнбашы” порттору, Азербайжанга таандык компаниялардын жардамы менен  Румыниянын “Констанца” портуна туташтырылат.

12.12.23

Казакстан 2026-жылга чейин, IT-кызматтардынын экспортун 1 миллиард долларга жеткирүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдиргенин “Казинформ” маалымат агенттиги жазып чыкты.

07.12.23

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 6-декабрь күнү, Түркиянын экспорттук товарларынын жана кызматтарынын көргөзмөсү ачылды. Иш-чаранын жүрүшүндө, Түркиялык “Ренессанс” курулуш компаниясынын бизнести өнүктүрүү департаментинин директору Ахмет Сонмез, компаниянын Түркмөнстан менен өнөктөштүктү кеңейтүү пландары тууралуу айтып берди. Бул тууралуу “CentralAsia.news” маалымат порталы билдирди.

11.12.23

Казакстандын Актау портунан 2023-жылдын январь-ноябрь айларында,  Бакуга 1,238 миллион тонна мунайы жеткирилген.  Бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алты эсеге көпттүк кылат. Бул тууралуу, “КазТрансОйл”  компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

09.12.23

Түркиянын Азербайжандагы элчиси Жахит Багчи 2023-жылдын аягына чейин, Азербайжан менен соода жүгүртүү 7,5 миллиард долларга жете турганын билдирди.

06.12.23

Ашхабад шаарында 6-декабрь күнү, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Түркиянын вице-президенти, Экономикалык кызматташтык боюнча “Түркмөнстан-Түркия” өкмөттөр аралык комиссиясынын Түркия тарапбынан төрагасы Жевдет Йылмазды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө, өз ара инвестиция маселелери талкууланды.

07.12.23

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз 6-декабрда Ашхабатта өткөн “Түркмөнстан-Түркия” бизнес форумунун алкагында, Түркмөнстан жаратылыш газын жана электр энергиясын дүйнөлүк рынокко чыгарууда, Түркия мамлекети көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу, “CentralAsia.news” маалымат агенттигинин Түркмөнстандагы кабарчысы билдирди.