- Подробности
10.25.23
Өзбекстандын Айлана-чөйрөнү коргоо министри Азиз Абдухакимов ландшафт архитектурасы боюнча адистешкен Түркиялык үч абройлуу “Minvall Construction”, “ISIK Peyzaj” жана “Meta Peyzaj Planning” фирмаларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.
- Подробности
23.10.23
2023-жылдын январь-сентябрь айларында, Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 830,3 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин жума күнү жарыяланган отчетунда билдирилди.
- Подробности
23.10.2023
Казакстандын Анкарадагы элчилигинде Казакстандын эгемендүүлүк күнү белгиленди.
- Подробности
19.10.23
Түркиянын айыл чарба жана энергетика тармагында иш алып барышкан ири компаниялардын өкүлдөрү, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугунун чакыруусу менен Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин телеграм каналы билдирди.
- Подробности
21.10.23
Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаров жана Казакстандын президентинин кеңешчисинин жолугушуусунда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүнүн өсүшү, инвестиция тартуу жана транспорт-транзит тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты.
- Подробности
19.10.23
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы менен 2023-жылдын 18-октябрь күнү жолугушту. Бул тууралуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
18.10.23
Өзбекстандын Экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлигинин алдындагы Туризм комитети, “Өзбекстан темир жолдору” ишканасы, ошондой эле италиялык “Arsenale” компаниясы люкс тибиндеги ыңгайлуу туристтик поездди ишке киргизүү боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюшту.
- Подробности
16.10.23
Түркмөнстан Казакстан, Өзбекстан, Иран жана Түркиянын транспорт жана темир жол министрликтеринин өкүлдөрү катышкан видеоконференцияга көрүшмөсү болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө “Кытай – Казакстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия – Европа” эл аралык транспорт коридорун түзүү боюнча келишимге кол коюу процесстерин тездетүүгө байланышкан негизги маселелер талкууланды.
- Подробности
14.10.23
2023-жылдын январь-сентябрь айларында, Түркмөнстан жана Казакстандан “Баку-Тбилиси-Жейхан” мунай кууру аркылуу ташылган нефтинин жалпы көлөмү 6,7 пайызга өскөн.
- Подробности
13.10.23
Октябрь айынын башында, Түркмөнстанга Казакстандан бизнесмендерден турган делегация келди. Анын курамында Казакстанга таандык 30 компаниясынын өкүлдөрү бар. Алты күндүк сапардын жыйынтыгында 3 миллион долларга бааланган келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу «inbusiness.kz” сайты билдирди.