- Подробности
28.09.2023
Жаңы “Ашхабат - Түркменабат” автомагистралы, Өзбекстан менен болгон транспорттук байланышты өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин алдындагы Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамметхан Чакыев дүйшөмбү күнү «Нейтральный Туркменистан» гезитине жарыяланган макаласында билдирди.
- Подробности
18.09.23
Акыркы жылдары, Азербайжан жана Венгрия жакын арада өнүгүүнүн жаңы этабына кириши мүмкүн болгон тыгыз экономикалык байланыштарды түзө алышты.
- Подробности
25.09.23
Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Нахчивандагы жолугушуусунан кийин, “Игдир-Нахчиван” жаратылыш газ куурунун курулушун баштоо аземи өткөрүлдү.
- Подробности
24.09.23
“Өзбекстан темир жолдору” компаниясынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн делегациясы Астана шаарында болуп, “НК Казахстан Темир Жолы” компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анда жемиштүү кызматташуу маселелери талкууланып, бир катар жаңы макулдашууларга жетишилди.
- Подробности
23.09.23
Казакстандын Тараз шаарында, Кыргызстан жана Казакстандын “Аймактар аралык I форуму” болуп өттүп анын жүрүшүндө 65 миллион долларга бааланган келишимдерге кол коюлду.
- Подробности
21.09.23
Bilkent Cyberpark компаниясы тарабынан уюштурулган “Түркия-Казакстан Бизнес Форумунда” (Анкара) Казакстандын GIS борбору менен Bilkent Cyberpark компаниясы жана Түркиялык IT компанияларынын ортосунда 4 кызматташтык протоколуна кол коюлду.
- Подробности
19.09.23
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында, БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында, 19-сентябрь күнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.
- Подробности
14.09.23
Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Стамбулда болуп өткөн, Түрк мамлекеттеринин мультимодаль, транспорт жана логистика форумуна катышты.
- Подробности
18.09.23
Кыргызстан жана Азербайжандын ортосундагы соода алакаларынын өсүшүнө байланышкан маалымат жарыяланды. Ага ылайык, акыркы жарым жылда эки мамлекеттин соодасынын жалпы көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 5 эсеге өскөн.
- Подробности
16.09.23
Түркмөнстан жана Венгрия өз ара элчиликтерди ачуу боюнча макулдашууга жетишти. Мындай келишим, бейшемби күнү Түркиянын Стамбул шаарында өткөн, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Экономика жана соода министрлеринин жыйынына катышуунун алкагында жетишилди.