19.03.23

Түркиядагы биринчи атомдук электр станциясы болгон “Аккую” атомдук электр станциясынын ишке кириши, өлкөнүн электр энергиясы менен камсыз болушуна маанилүү салым болот.

19.03.23

Түркия өз аймагында түзүлүп жаткан газ хабы аркылуу  40 миллиард куб метрге жакын газды экспорттоосу мүмкүн.

20.03.23

Казакстандын Кашаган мунай кенинен  биринчи жолу “Актау-Баку” маршруту  менен  нефт ташыла баштады.

16.30.23

Түркиянын Анкара шаарында 16-мартта,  Түрк мамлекеттеринин Уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезексиз жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

16.03.23

Президент Садыр Жапаров 15-мартта Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

13.03.23

Азербайжандын Милли Межлисинин (парламент) Эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык байланыштар комитетинин жыйынында “Түрк мамлекеттеринин өкмөттөрүнүн ортосунда жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору талкуудан өтүп жактырылды.

09.03.23

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Тараптар, Кыргызстанга Түркиядан инвестиция тартуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу, 9-март күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

10.03.23

Кыргызстандын делегациясынын Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгында, бир катар макулдашууларга жетишилип, эки мамлекет биргелешкен өндүрүш боюнча тиешелүү келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу, өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

09.03.23

Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокат районунда ири текстиль фабрикасы иштеп баштайт. Аны курууга 16 миллион доллар өлчөмүндө акча каражаты жумшалды. Бул тууралуу, 9-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

08.03.23

Өзбекстанда иш сапары менен жүргөн Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Асака шаарында жайгашкан “UzAuto Motors” автоунаа заводунун өндүрүш процесси менен таанышып чыкты.